Марал Радиосу

Нурканбек, Жыпаргүл: Бири-бирибизге болгон сый-урмат бийик

700дөн ашуун обондун автору, композитор, кино жана театр актеру, Кыргыз Републикасынын эмгек сиңирген артисти, кылым сулуусу, таланттуу актриса Таттыбүбү Турсунбаеванын бир тууган агасы, маданият тармагында көрүнүктүү инсан Нуркан Турсунбаев жана өмүрлүк жубайы Жыпаргүл Турсунбаева «Марал» радиосунун «Мен жана мезгил» программасында конокто болушту.

— Нурканбек агай, сексенинчи кышты өткөрүп жатасыз. Мезгилдин агымы менен  адам баласы да өзгөрүлөт экен. Артка кылчайып караганыңызда кайсыл курагыңызды көбүрөөк эстейсиз?

— Балалык жана мектеп курак — өзүнчө чоң тема. Мен көбүнесе, студенттик курагымды эстейм. Анткени мурдагы жетишпеген өксүктү ошол учурда толтурдук. Карындашым Таттыбүбү экөөбүз окуу жайга тапшырганга чейин эле чыгармачылыкта ийгиликтерге жетиштик. Кийин Ташкенттин театралдык институтунда чогуу окуп, Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында иштедик. Таттыкем болгону 15 гана жыл иштеди. Бирок, 15 жылдын ичинде кино, театр жана музыка тармагында көп ийгиликтерди жасап кетти. Мен 80 жашка чыгып, дале болсо ошол тармакта кайратымдан жазбай иштеп жүрөм.

— Ар бир инсан ата-тегин айта жүргөнү жакшы эмеспи. Туулган жериңиз жөнүндө кеп кылсак?

— Жумгал районун «таланттардын бешиги» деп коет. Ал жерден Калык Акиев, Мыскал Өмүрканова, Бүбүсара Бейшеналиева, Мидин Алыбаев сындуу мыктылар чыккан. Ал эми чыгармачылыгыма түрткү болгон үй-бүлөм болду. Чоң атам комузчу, дастанчы, куудул, акын адам болгон. Ал эми чоң энебиз Жыргал жамакчы, кошокчу инсан эле. Атам Турсунбаев Мырзаалы комузчу, акын, композитор, дастанчы эле. Ал Токтогул Сатылгановдун эң кенже окуучусу болгон. 1939-жылы Москвадагы декадада Атай Огомбаевдер менен биргеликте Кремлде күү черткен. Ал эми апакем колунан көөрү төгүлгөн ишмер болчу. Биз 5 бир тууган элек. Улуу агайым Жумгалбек – журналист, сатирик, музыкант жана спортсмен болгон. Андан кийинки бир тууганым Социалбек — атамдын жолун жолдогон чоң комузчулардын бири болгон. Эң кенжебиз болсо Москвадан окуду. Кесиби: скульптор, монументалист, сүрөтчү. Мен чоң атамдын колунда өсүп чоңойдум. 3 жашымда комуз чертип ырдачумун.

— 13 жашыңызда «Энеме» деген ыр жаратыпсыз…

— Ал ырды 1953-жылы апамдын туулган күнүнө арнап чыгаргам. Энеге арналган дээрлик 80дей ырым бар. Апамдын тарбиясын көп алдым. Таттыкем 37 жашында эле каза болуп калды. Ошондон улам да аялзатына болгон сыйым ого бетер күчөдү. Улуу болсо да, кичүү болсо да «эже» деп кайрылам.

— Жыпаргүл айым, агайдын кайсыл сапаттарын баалайсыз? 

Жыпаргүл Турсунбаева: — Нурканбек турмуштун канча өйдө-ылдыйы болсо да, өзүндөгү адамгерчилик сапатын бийик сактап калган. Ар дайым оптимисттик маанайда жүрөт. Кичинекей балага да сый-урмат көрсөтүп, чоң кишидей сүйлөшөт. Өзү ишенчээк жана ак көңүл. Мен жашоомдо өзүм каалаган жолдошту тапкам. Бул инсан менен бирге өткөргөн ар бир секунд мен үчүн аябай кымбат. Өзүмдүн жумушум калып жатса да, Нурканбектин жанында көбүрөөк жүргөнгө аракет кылам. Жашоомдун 99 пайызынын ааламы — Нуркан агай.

— Актерлукту тандап, ушул тармакта эмгектенип калганыңыздын себеби…

Нурканбек Турсунбаев: — 1960-жылы Чаек айылында маданият бөлүмү боюнча облустук семинар болуп, Кыргызстан КП БКда аялдар бөлүмүнүн башчысы Күлүйпа Кондучалова жана Маданият министри Абдыкайыр Казакбаев катышып калды. Ошол жерден биз ырдап, талантыбызды тартууладык. Анан Таттыкем экөөбүзгө Москвадагы П. И. Чайковский атындагы Москва мамлекеттик консерваториясына жолдомо беришкен. Өздүк көркөм чыгармачылык боюнча кароо болуп, биз тараптан 100 киши бардык. Ошондо Таттыбүбү Кытайдагы кыргыздардын ырын ырдап, биринчи орунду алды. Менин «Кең партия», Абылгазиевдин «Сонун да» ырын, анан Райкан Шүкүрбековдун комедиясынан бирди аткарып, 1-орунду багындырганбыз. Кийин карындашымдын талантына кызыгышып, ага арналган «Салиманын ыры» деген көркөм фильм тартылган. Таттыбүбү башкы каарманды ойногон.

— «Таттыбүбү Турсунбаеванын өлүмүнө себепкерлерди билем», — деп ачык айтып жүрдүңүз эле. Ошондон кийин сиздин жашооңузга жана чыгармачылыгыңызга бут тосуулар, коркутуулар болгон жокпу? 

— Мен бир кичинекей четин гана айтайын. Карындашым мени «Нукен» десе, мен аны дайыма «Таня» деп эркелетчүмүн. Бир күнү Таттыкем: «Нукен, келчи үйгө, бир шампан ичели», — деп чакырып калды. «Ой, Таня, эмне болуп кетти?» — десем, «Келсең, анан айтам», — деди. Барсам, үстөлдүн үстүн жайнатып, гүл да коюп коюптур. Өзү тамеки тартып олтуруптур. Менин көзүмчө тамеки тарткан эмес. «Кайсыл майрамдын урматына?» — десем, «Нукен, ушул 15 жылдан бери биринчи жолу женсоветке түшкөн жокмун», — деди. Көрсө, Сабира Күмүшалиевадан баштап, баары көралбастык кылып, дайыма ар кандай шылтоо айтып, театрдан кетирүү максатын далай жасашкан экен. Кимдер өлтүрүп, кандай кыянатчылык кылгандардын баарын билем. Ошондон кийин ошол эле душмандар азыр мага театрда болобу же башка жерденби, дале болсо, бут тосуп жүрүшөт. Азыркыга чейин «эл артисти» наамын бере элек. А азыркылар тиягынан-биягынан жулмалап алып жатышпайбы?! Эми сыйлыкты берсе да, бербесе да ыраазымын. Менин чыгармачылыгымды эл билет!

— Карындашыңыз кимге көбүрөөк окшош эле?

— Мен атамдын көчүрмөсүмүн. Ал эми Таттыкем апамдын эле өзү болчу. Апам ушундай сулуу, чачы согончогуна жеткен жароокер, татынакай эле…

— 2020-жылы 80 жылдык маараке өткөрүү боюнча план пандемияга байланыштуу иш жүзүнө ашпай, 2021-жылы буюрса, алдыда чоң саамалык уюштурулуп жаткан экен. Учкай кеп салсаңыз.

Жыпаргүл Турсунбаева: — Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, залкар инсан, көп кырдуу талант ээси, драма жана кино актеру, обончу-композитор, аткаруучу Нурканбек Турсунбаевдин 80 жылдык мааракесин белгилөө жөнүндө иш-чаралар февраль айынан баштап, декабрь айына чейин белгилүү мекемелерде жана телевидениелерде өтөт.

— Обондорду жаратууда сизге кайсыл учур ыңгайлуу?

Нурканбек Турсунбаев: — Пандемия учурунда 200дөн ашуун обон жараттым. Негизи, көбү обон чыгарып алып, анан текст издешет. А меники андай эмес. Улуу же жаш акын болобу, текст жакса, жүрөгүмө жашатам, анан ошол ыр мени толкутуп, обон жаралат. Менин оюмча, обончу акын да болушу керек.

Жыпаргүл Турсунбаева: — Нурканбек агайыңар, маанайды көтөргөн тексттерди жакшы көрөт. Азыр жаш ырчылар келип, буйрутма берип калат.  Анан «Агай, сиздин обондоруңуз жакшы. Бирок, сүйүүсүнө жетпей калган окуяларды чагылдырсаңыз», — деп айтып калышат. Нуркан болсо: «Мен сүйүүмө жеткем да, анан менден кантип андайлар жаралсын», — деп тамашалап коёт (күлүп). Бу киши обон чыгарарда күнүмдүк бир графикте иштеген адамдай жумушуна аябай жоопкерчиликтүү мамиле жасайт.

Нурканбек Турсунбаев: — Чыгармачыл инсан үчүн жубайынын жан дүйнөсү бир болушу керек. Обончу, ырчылардын кээ биринин түгөйлөштөрү начар чыгып, тагдыры жана чыгармачылыгы талкаланып жатат. Мени жана Таттыбүбүнү колдоп, бийиктикке чыгарган — байбичем Жыпара.

«Супсулуу менин аялым,

Мен үчүн баарына даярым.

Кемчилигим кечирип,

Жакшылыгым жаярым.

Тийишип калса душмандар,

Көздөн ары саярым», — деп айтып келем. Демек, «вазир жакшы — хан жакшы, аял жакшы- эр жакшы» деп бекеринен айтылган эмес. Азыр «80 жашка чыгып калдың, 50 жаштай көрүнөсүң», — дегендерге айтарым, чыгармачылыгыма дем берген, канат, бутак болгон — жубайым.

Жыпаргүл Турсунбаева: — Нурканбек агайыңардын түбөлүк жаштыгынын сыры — эч жаман ойлобойт да. Анан жөнөкөй адам.

Нурканбек Турсунбаев: — Жылына дайыма 5-6 ай, 7 дубанды кыдырып, жер көрүп, эл менен баарлашам. Күнүнө бери жагы алты жүздөй окуучу, ата-эне, мугалим менен жолуккан күндөрүм болгон. Ошолордун баары адамга таасир берип, жашартат экен. Кайрат-күч бар азырынча.

Exit mobile version