Марал Радиосу

Таласта тез тамактануучу жайда газ баллон жарылып 11 адам жаракат алды

Талас облусунун Кара-Буура районунда тез тамактануучу жайдан чыккан өрт чектөөгө алынды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Такталган маалымат боюнча, Кызыл-Адыр айылынын Ч. Айтматов көчөсүндө жайгашкан тез тамактануучу жайдан чыккан өрт саат 15:28де чектөөгө алынган.

Учурда өрттү толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Ага бир бөлүм тартылган.

Тез тамактануучу жайда газ баллон жарылып, өрт чыкканы айтылган. Кырсыктын кесепетинен 11 адам жабыркап, алардын айрымдары ооруканага жаткырылганы кабарланды.