Марал Радиосу

Алмазбек Атамбаев Бишкектеги №47 абакка которулду

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев Бишкектеги №47 абакка которулду. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы кабарлады.

Атамбаев саламаттыгына байланыштуу жаңы жылдын алдында №47 колонияга которулган. Маалыматка караганда, Атамбаевдин кан басымы жана башка оорулары бар.

Бишкектин Биринчи май райондук соту мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу 11 жылга эркинен ажыраткан.

Бишкек шаардык соту бул ишти карап, райондук соттун чечимин күчүндө калтырган. Кийин Жогорку сот эки инстанциянын чечимин жокко чыгарып, ишти жаңыдан карап чыгуу үчүн Биринчи май райондук сотуна жөнөткөн.