Марал Радиосу

Өкмөт мамлекеттик ипотекалык насыянын пайыздык ченин төмөндөтүүнү сунуштады

Өкмөт «Мамлекеттик ипотекалык компания» ачык акционердик коомуна 2019-жылдын 1-октябрына чейин берилген мамлекеттик ипотекалык насыялардын пайыздык ченин жылына 6–8 %га чейин төмөндөтүү сунушун берди.

Тийиштүү чечимге премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков 31-декабрда кол койду.

«Бүгүнкү күндө жарандар үчүн бирдей шарттарды түзүү маанилүү. Ошондуктан өкмөт «Мамлекеттик ипотекалык компанияга» берилген кредиттер боюнча пайыздык ченди төмөндөтүү маселесин карап чыгууну тапшырган. Ипотекалык компания өз эсебинен пайыздык чен деңгээлин төмөндөтүүсү керек. Пайыздык ченди төмөндөтүү — чоң эмес, бирок өкмөттүн жарандарга каржылык жүгүн кыскартуу максатындагы көмөгү болуп саналат. Буга катар республикалык бюджеттин эсебинен иштеп жаткан ипотекалык компаниянын иштөө механизмин өзгөртүү зарылдыгын белгилеп кетким келет», — деди Артем Новиков.

«Мамлекеттик ипотекалык компаниянын» учурдагы каржылык абалын начарлатпоо жана ишин турукташтыруу үчүн Финансы министрлиги аркылуу мурда берилген насыяларды кайрадан карап чыгууну тапшырды.

Өкмөтүн 2020-жылдын 31-декабрындагы буйругуна ылайык, «Мамлекеттик ипотекалык компания» 2021-жылдын 1-январынан тарта алгачкы төлөмдүн суммасына жараша, жылына 7–9 % чен боюнча мурда берилген ипотекалык кредиттердин пайыздык ченин 6–8 % чейин6 кайра эсептеп чыгуу сунушталат.