Марал Радиосу

COVID-19: Акыркы суткада 212 бейтап сакайды

Бир сутка ичинде пневмонияны эсепке алганда коронавирус инфекциясы 91 адамдан табылды. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штаб билдирди.

Вирустун жаңы табылган учурлары төмөнкү аймактарда катталды:

Акыркы суткада 212 бейтап COVID-19 илдетинен сакайып чыкты:

COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында 1 бейтап көз жумду.

Коронавирус жуктургандардын жалпы саны 81 305ке жетти. Анын 76 563и сакайып чыкса, 1359 бейтап каза тапты.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча медициналык кызматкерлер арасында коронавирус жуктуруп алган учурлар катталган жок.
Ал эми бир суткада стационардан – 4, үй карантининен — 2 медкызматкер чыгарылган.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 4120 учур катталды, алардын ичинен 3938 медкызматкер сакайды.