Марал Радиосу

БШК бюллетендерди өлкө аймактарына жөнөттү

Кечээ, 2-январда президенттик шайлоо жана референдум үчүн даярдалган бюллетендерди Жалал-Абад, Ош, Баткен, Нарын, Ысык-Көл, Талас жана Чүй облустарына, Бишкек жана Ош шаарларына, ошондой эле чет элдик аймактык шайлоо комиссияларына кабыл алуу-өткөрүп берүү актысына кол коюлду. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоого карата 3567138 бюллетень даярдалды. Мындан тышкары, Брайл шрифти менен 4948 бюллетень даярдалган.

Бишкек шаарына — 417341 бюллетень жөнөтүлдү, Ош шаарына — 151168, Жалал-Абад облусуна — 667265, Ош облусуна — 723620, Баткен облусуна — 297574, Нарын облусуна — 202710, Ысык-Көл облусуна — 308091, Талас облусуна — 158054, Чүй облусуна- 592155, ошондой эле чет өлкөгө — 49160 жөнөтүлдү.

Ал эми Кыргыз Республикасынын референдуму үчүн 3 567 138 бюллетень даярдалган. Мындан тышкары, Брайл шрифти менен 4948 бюллетень даярдалган.

Бишкек шаарына — 417341 бюллетень жөнөтүлдү, Ош шаарына — 151168, Жалал-Абад облусуна — 667265, Ош облусуна — 723620, Баткен облусуна — 297574, Нарын облусуна — 202710, Ысык-Көл облусуна — 308091, Талас облусуна — 158054, Чүй облусуна- 592155, ошондой эле чет өлкөгө — 49160 жөнөтүлдү.

Жалпысынан, мөөнөтүнөн мурда өтө турган президенттик шайлоого жана референдум үчүн 7 134 276 бюллетень даярдалды.

Референдум өткөрүү үчүн көк бюллетень, ал эми президенттик шайлоо үчүн түссүз бюллетень даярдалды.

Эскерте кетсек, 2021-жылы 10-январында Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо күнү болуп белгиленген. Ага 17 талапкер ат салышууда.