Марал Радиосу

«Бишкек» Эркин экономикалык аймагында жаңы завод ишке кирди

«Бишкек» Эркин экономикалык аймагынын Кара-Балта тилкесинде жаңы завод ишке кирди. Бул тууралуу аталган мекеменин башкы директору Кудрет Тайчабаров Фейсбук баракчасы аркылуу билдирди.

Көрнөк-жарнактарды, декларацияларды, көлөмдүү аталыштарды, тамгаларды, ички-тышкы жасалгаларды жасоого керектүү курулуш материалы — ПВХ панель чыгарган жаңы завод «Jin new» (Джинью) компаниясы тарабынан ачылган.

Кудрет Тайчабаровдун жазган маалыматына таянсак, мындай стандарттагы дүйнөлүк талаптарга жооп берген сапаттуу пластик — ПВХ-панелдери КМШ аймагына Кытайдан алынып келинет. Мындан улам Кыргызстан аталган материалды жакынкы коңшу өлкөлөргө да экспорттоого мүмкүнчүлүк алат.

Exit mobile version