Марал Радиосу

Бишкек мэриясынын колл-борбору ишин убактылуу токтотту

Бишкек мэриясынын колл-борбору ишин убактылуу токтотту. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, электр жабдууларын оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу Бишкек мэриясына караштуу «185» ыкчам жооп берүү кызматы жана 1854, 1840 кыска номерлери ишин убактылуу токтотту. Үзгүлтүк учурунда шаар тургундары өздүк маселерин 0(312) 591802, 0(312) 591817 номерлерине чалып, тактап алып турса болорун мэрия эскертти.