Марал Радиосу

«Талибан» кыймылынын буктурмасына кабылган алты полиция көз жумду

«Талибан» кыймылынын буктурмасына кабылган Ооганстандын алты полициясы каза тапты. Бул тууралуу «РИА Новости» маалымат агенттиги жазды.

«Бул окуя Ооганстандын чыгышында жайгашкан Нангархар провинциясында болгон», — деп айтылат маалыматта.

Полициянын жергиликтүү бөлүмү кечээ, 1-январда Батикот округунда буктурмага кабылган. Анын кесепетинен командири баштаган алты кызматкер шейит кетип, төрт кызматкер жаракат алган.

Ошондой эле бүгүн, 2-январдын таңында «Талибан» кыймылы бир автобусту 45 жүргүнчүсү менен барымтага алганы маалымдалды.