АКШда коронавирус инфекциясын илээштиргендердин саны 20 миллиондон ашты. Бул тууралуу Джон Хопкинс университетинин маалыматында айтылат.
Ага ылайык, өлкөдө коронавирустук инфекциянын 20 миллион 7 миңден ашык учуру катталып, каза болгондордун саны 346,4 миңден ашты.
Эң көп оору Калифорния (2,30 миллион), Техас (1,77 миллион), Флорида (1,32 миллион), Нью-Йорк (979 миң) жана Иллинойс шаарында (963 миң) катталган.
Коронавирустук инфекциялардын жана өлүмдүн саны боюнча АКШ дүйнөдө биринчи орунда турат.