Марал Радиосу

Жээнбеков: Экономиканы артка тарткандар — укук коргоо органдары

Кыргызстандын экономикасын артка тартып келе жаткандар – укук коргоо органдары жана соттор. Мындай пикирин президенттикке талапкер Равшан Жээнбеков теледебатта айтты. Ошол себептүү бул органдарды толугу менен реформалоо керек деген ойдо. Анын ичинде УКМКны өзгөчө белгилеп, ал президент жана анын жакындарына эмес, элге кызмат кылышы керек деген пикирин билдирди.

— Орусия да, Европа да ошондой жолго барып жатат. Эгерде укук коргоо органдарынын үстүнөн парламенттин, коомдун жана ММКлардын көзөмөлүн күчөтө турган болсок, алар элге, экономикага кызмат кыла баштайт.

Эскерте кетсек, бүгүн 30-декабрда президенттикке талапкерлердин теледебаты өтүүдө. Ага Равшан Жээнбеков, Бабур Тольбаев, Улукбек Кочкоров, Абдил Сегизбаев, Жеңишбек Байгуттиев, Курсан Асановдор катышууда.

Exit mobile version