Марал Радиосу

Кыргызстанда доллардын курсу 82 сомдун тегерегинде кармалууда

Кыргызстанда 29-декабрь саат 14.00гө карата доллардын курсу 82 сомдун тегерегинде кармалууда. Улуттук банктын расмий курсу 82 сом 70 тыйын деп белгиленген.

Акча алмаштыруучу жайларда жана коммерциялык банктарда 82 сом 60 тыйындан сатып алынып, 82 сом 80 тыйындан сатылууда.

Быйыл март айларында 1 АКШ доллары 85 сомго чейин жетти. Декабрдын ортолорунда 79 сомго чейин түштү.