Марал Радиосу

«Кара-Кечеден» көмүр уурдагандар акчасын кайтарып беришти

«Кара-Кече» көмүр кенинен 25 оор жүк ташуучу автоунаа менен мыйзамсыз түрдө көмүр чыгарылып кеткен.

«Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын башкы директору Канат Ашырбаев Нарын облустук ИИБине арыз менен кайрылган. Иликтөөнүн жыйынтыгында 21 автоунаанын айдоочусунун аты-жөнү аныкталды.

«Кыргызкөмүр» 1 млн сомго чыгымга учурап, жыйынтыгында 700 миң сому  кайтарылды. Айдоочулар «Кыргызкөмүр» ишканасынын кассасына келип төлөп кетишкен.

Калган аныктала элек жагдайлар боюнча материалдар соттук кароого жөнөтүлдү.