Марал Радиосу

Калмаматов: Маселе инвестордо эмес, бийликте

«Инвесторлор эмне үчүн бизидн экологияны талкалап жатат? Себеби, аларга биздин бийлик жол ачып берген». Мындай пикирин президенттикке талапкер Бактыбек Калмаматов дебаттардын жүрүшүндө айтты.

«Мына азыр талапкерлер баарыбыз, инвесторлор тууралуу айтканда экологиябыз талкаланып жатканын кеп кылуудабыз. Ошого биздин коррупциялашкан бийлик жол берип жатат. Биздин бийликтеги коррупционерлер жоголмоюнча, мыйзам чегинде гана иш алып бармайынча бизде инвесторлордун маселеси чечилбейт», — деп билдирди Калмаматов.

Бүгүн, 28-декабрда Кыргызстандын президентине талапкерлердин теледебаты башталды. Ал КТРК аркылуу көрсөтүлүүдө.

Бүгүн кечки саат 20:00дөн 22:30га чейин талапкерлер Канатбек Исаев, Клара Сооронкулова, Адахан Мадумаров, Аймен Касенов, Бактыбек Калмаматов жана Каныбек Иманалиев дебатка чыгууда.

Exit mobile version