Марал Радиосу

УКМКнын төрагасы балдар үйүнө жардам бергени айтылды (сүрөт)

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев «Нур+» майып балдарды калыбына келтирүү борборуна акчалай жардам көрсөттү. Бул маалымат социалдык тармактарда тарап, сүрөттөр жарыяланды.

Аталган борбордун жетекчилиги имараттын ижара акысын төлөй албай, көп жерге кайрылган. Майнап болбогондон кийин Камчыбек Ташиевдин кабылдамасында болгон. Бүгүн Ташиев өзү барып, балдарга белектерди берип, акчалай жардам көрсөткөн.