Марал Радиосу

Мамытов: Өлкөнүн эң чоң байлыгы — бул билимдүү жаштар

Мамлекетибиздин эң чоң улуттук байлыгы — бул биздин билимдүү жаштар. Мындай пикирин президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытов бүгүн, 27-декабрда, балдарга арналган жаңы жылдык иш-чарада билдирди.

Президенттик балатыда сүйлөгөн куттуктоо сөзүндө, Талант Мамытов өтүп бараткан жылда дүйнө жүзүндө коронавирус илдетинен көптөгөн мамлекеттер жабыркап, Кыргызстанда дагы бул оору көптөгөн көйгөйлөрдү, анын ичинде билим берүү жаатында бир топ түйшүктөрдү жаратканын белгиледи.

Президенттин милдетин аткаруучу келе жаткан Жаңы жылда Кыргызстандын балдары мектеп программаларын өздөштүрүп, көңүлдөрүнө жаккан китептерди көп окуп, кыйышпас досторду таап, татыктуу билим аларына тилектештигин билдирди.

«Өмүрүңөр узун болсун, келечегиңер кең болсун. Жаңы жылда көптөгөн жетишкендиктер болсун, мамлекетибиз өнүп-өсүп, жамандыктар эски жыл менен калып, жаңы жылда жаңы ийгиликтер коштосун. Силерди келе жаткан жаңы 2021-жылыңар менен чын дилимден куттуктайм«, — деп белгиледи президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов.

Президенттик балаты чыгармачыл балдар жамаатынын катышуусунда концерттик, театрлаштырылган программа менен коштолду.

Бул жылы өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен балдарга арналган жаңы жылдык иш-чара онлайн-форматта өттү.