Марал Радиосу

БШК референдум өткөрүү үчүн 13 үгүт тобун каттады

Кыргыз Республикасынын башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумга «макул», «каршы» үгүт топторду каттоо үчүн 13 сунуштама түшкөн. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы расмий сайтына жарыялады.

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 13 үгүт топторду каттоодон өткөрдү. Алар:

Кошумчалай кетсек, референдум өткөрүү боюнча мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров сунуш кылып, 9-декабрда биринчи окуудан өтүп, 10-декабрда дароо экинчи жана үчүнчү окууда колдоо тапкан. Референдумду өткөрүүгө кошумча 40 миллион сом бөлүнөрү маалымдалган. Коомчулукта башкаруу системасын тандоо боюнча референдум менен президенттик шайлоо бир өтсө, башаламандык жаралуу коркунучу бар экендиги айтылып келет. Референдум 2021-жылдын 10-январында президенттик шайлоо менен бирге өтөт.