Марал Радиосу

Президенттик балаты 27-декабрда онлайн форматта өтөт

 Эртең, 27-декабрда президенттик балаты болот. Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей, бул жылы өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен балдарга арналган жаңы жылдык иш-чара онлайн-форматта өтөт.

Жаңы жылдык концерттик, театрлаштырылган программаны Коомдук телерадиокөрсөтүү корпорациясы 27-декабрда саат 11-00дө түз эфирде көрсөтөт.