Марал Радиосу

УКМКнын төрагасы: Чекист бай жашабашы керек

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, чекисттер бай жашабай, жөнөкөй болушу керектигин айтты.

Ал эгер УКМКнын бай кызматкерлери жөнүндө маалымат болсо, кабарлап коюуну өтүндү.

Ошондой эле өзүнүн кайсы бир заводду менчиктештирип алганы жөнүндө айтылгандарга жооп берди.

«Мен бюджеттен бир тыйын да алган жокмун. Мени заводду менчиктештирип алды деп айтып жатышат. Бул маалымат чындыкка дал келбейт. Менин бир үйүм бар, ошол жерде жашайм. Андан башка кыймылсыз мүлкүм жок», — деди Камчыбек Ташиев.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев 24-декабрда басма сөз жыйынын өткөрдү. Ал бул кызматка 14-октябрда дайындалган.