Марал Радиосу

Италиянын бардык аймагы «кызыл зонага» киргизилди

dav

Акыркы жума ичинде дүйнө боюнча 4,5 миллиондон ашык адамдан коронавирус аныкталды. Бул пандемия башталгандан берки эң жогорку көрсөткүч болгонун Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюму маалымдады.

«Euronews» билдиргендей, Италияда соңку жума аралыгында вирус жуктуруп алгандар 112 миңге көбөйгөн. Премьер-министр өлкөнүн бардык аймагын «кызыл зона» деп атады. 24-декабрдан 6-январга чейин үйдөн эркин чыгуу, бир айылдан бир айылга каттоо чектелген, ресторан жана барлар ишин токтотту.

«Жаңы жылга деп алдын ала камдап алган азыктарыбызды ыргытканга туура келди. Алдын ала сүйлөшүлгөн 80ден ашык заказды жокко чыгарганга мажбур болдук», — дейт шаардагы ири ресторандын ээси Паскуале Бомбардьери.