Марал Радиосу

Сирияда нан тартыштыгы күч алды

Сирияда азык-түлүк кризиси жаралып, нан тартыштыгы күч алды. Өлкө боюнча нан өтө кымбаттап кеткенин эл аралык маалымат булактары жазды.

Сирия президенти Башар Асад Орусиядан төмөнкү сорттогу унду импорттоону пландаган. Бирок акыркы учурда орусиялык экспорттоочулар Сирияга азык-түлүк жеткирүүнү токтотушканы айтылган.

Сирия бийлиги бул кырдаалды «экономикалык кыйроо» деп түшүндүргөн жана нанды сатууга чектөөлөрдү киргизип, азыктын баасын жогорулаткандар камакка алынарын билдирген. Ал эми оппозициялык күчтөр нандын тартыштыгын өлкөдөгү коррупцияга жана азык-түлүк рыногундагы монополияга байланыштырышкан.

Бириккен Улуттар Уюмунун «Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк» программасынын маалыматы боюнча, Сирияда 9 миллион 300 миң адам азык-түлүк тартыштыгынан жабыркап келет.