Биз менен байланышыңыз

Ташиев: Шайлоодон кийин башаламандык болушу мүмкүн, бирок чара көрөбүз

Кыска кабар | 24 Дек 2020 | 1596 | 0

Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоодон кийин башаламандык болушу мүмкүн. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчиси Камчыбек Ташиев журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтты.

«Башаламандык болушу мүмкүн. Биз анын баарын иликтеп атабыз. Шайлоодон кийин башаламандык кылгандар жоопко тартылат. Айрым талапкерлер үгүт иштерин жүргүзгөн жок. Алар башаламандык уюштурууну пландап жатат», — деди Ташиев.

Анын пикиринде, шайлоонун жыйынтыгына эч ким таасир этпеши керек. Элге өз президентин тандап алууга мүмкүнчүлүк берүү керек.

Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январында өтөт. Ага 18 талапкер ат салышууда. Учурда шайлоо алдындагы үгүт иштери жүрүүдө.

Быйыл 4-октябрдагы парламенттик шайлоодон кийин массалык башаламандык болгон. Себеби шайлоонун жыйынтыгы нааразылык жараткан.

Ташиев: Соттордун шубасы 5 миң доллар, машинеси 100 миң доллар турат

Copyright © 2017 Maral FM