Кыргызстанда доллардын расмий курсу 24-декабрга карата 83 сом 20 тыйын деп белгиленди. Акыркы сутка ичинде 2,65 пайызга жогорулады. Кечээ 81 сом болчу.
Ал эми Бишкектеги акча алмаштыруучу жайларда жана коммерциялык банктарда 1 доллар кыргыз сомуна карата 83 сомдон болууда.
Өткөн жумада Кыргызстанда доллардын курсу 79 сомго чейин төмөндөдү, бирок мындай курс эки-үч күн гана кармалды.