Марал Радиосу

Президенттин аппаратынын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы алмашты

Замирбек Базарбеков Президенттин аппаратынын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды.

Тийиштүү Жарлыкка президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов кол койду.

Президенттин Аппаратынын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүн буга чейин Жаныбек Бекназаров жетектеген.

Ал өз арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулганы кабарланды.