Марал Радиосу

Молдованын өкмөт башчысы отставкага кетти

Молдованын премьер-министри Ион Кику отставкага кетерин жарыялады.

«Биз жаңы парламенттик шайлоо өткөрүү маселеси боюнча өлкө башчылары менен отуруп кеңештик. Буга байланыштуу мен отставкага кетүүнү сунуштадым», — дейт Кику.

Ал бүгүн жаңы министрлер келмейинче, бийлик кантип иш алып барары тууралуу жаңы президент Майя Санду менен сүйлөшө турганын айтты. Андан соң расмий кайрылуу менен чыгарын кошумчалады.