Марал Радиосу

Бейшенбеков: Парламентаризм Кыргызстан үчүн эрте

Кыргызстан парламентаризмге кайтып келет, бирок, азырынча эрте. Мындай пикирин жарандык активист Бакыт Бейшенбеков «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, азыркы тапта парламентаризм Кыргызстан үчүн эрте. Анткени коомчулуктун саясий маданиияты, элдин аң-сезими парламенттик башкарууга жете элек.

«Элдин арасынан чыккан депутаттар мамлекет үчүн иштесе, анда биз парламенттик башкарууга коркпой бара беребиз. Кыргызда «көп суур ийин казбайт, ийин казса да терең казбайт» деген сөз бар. Ошондуктан учурда президенттик өлкө болуп, жоопкерчиликти өлкө башчыга беришибиз кажет. Саясий туруктуулук болуп турса, өнүгүүгө жол алабыз», — дейт Бейшенбеков.