Марал Радиосу

23-декабрда Кыргызстандын аймактарында жаан-чачын болбойт

Кыргызгидромет борборунун сайтындагы маалыматка ылайык, эртең, 23-декабрда Кыргызстандын аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -10…-15, күндүз -2…+3;

Талас облусунда түнкүсүн -9…-14, күндүз -4…+1;

Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарында түнкүсүн -1…-6, күндүз +1…+6;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз +1…+6;

Нарын облусунда түнкүсүн -15…-20, күндүз -4…-9 градус болот.

Бишкекте 22-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -12…-14 күндүз -1…+1 градус болот.