Марал Радиосу

«Алтын нур» эл аспаптар ансамбли Италияга жолдомо алды (видео)

Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин оркестр дирижерлугу кафедрасынын студенттеринен түзүлгөн «Алтын нур» эл аспаптар ансамбли Алтай мамлекеттик маданият институту тарабынан уюштурулган «Күмүш кылдар» онлайн кароо-сынагынын «Ансамблдер» номинациясы боюнча II даражадагы диплому менен сыйланды. Бул тууралуу ансамблдин жетекчиси Нурпейил Самарбекова «Марал» радиосуна билдирди.

Аталган онлайн-сынак ушул жылдын 4-7-декабрында өткөн. Анда 8 өлкөдөн катышкан 122 ансамблдин ичинен биринчи орунду Орусиянын ансамбли, экинчи орунду «Алтын нур» ансамбли, үчүнчү орунду Монголиянын ансамбли алган.

«Кароо-сынак 4-декабрда башталып, 7-декабрда аяктады. 4-декабрда ачылышы болуп, 5-декабрда биринчи тур, 6-декабрда экинчи тур, 8-декабрда үчүнчү тур, 9-декабрда онлайн форматта гала-концерт өттү. Биринчи турда Калый Молдобасановдун «Ат чабыш» күүсүн, экинчи турда Нурак Абдрахмановдун «Мезгил жаңырыгы» чыгармасын, үчүнчү турда «Даңазалуу доор» телесериалынын саундтрегин ойнодук», — деди Самарбекова.

Маалым болгондой, «Алтын нур» ансамбли мындан тышкары Италиядагы кароо-сынакка да видеолор топтомун жөнөтүшкөн. Учурда аталган өлкөдөн кароо-сынактын 5-мартта өтө турган сыйлык тапшыруу аземине, гала-концертине катышуу үчүн чакырык алышканын, кырдаал турукташып, аба каттамдары ачык болсо, 4-мартта Италияга жөнөп кетишерин кошумчалады ансамблдин жетекчиси.