Биз менен байланышыңыз

Эл арасында өспүрүм кыздарды никеге тургузууга жол бербөө түшүндүрүлөт

Без рубрики , Кыска кабар | 22 Дек 2020 | 628 | 0

Вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиева дин кызматкерлери жана калк арасында жашы жете элек кыздарды никеге тургузууга жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү сунуштады.

Мындан тышкары тармактык мамлекеттик органдарга Ысык-Көл облусундагы 18 жашка чыга элек кыздын никеге туруусуна байланыштуу абалды териштирүү тапшырмасы берилди.

Бул тапшырманы Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия жана Кыргызстан мусулмандарынын диний башкармалыгы биргеликте жүргүзөт.

Элвира Сурабалдиева Ысык-Көл облусуна болгон иш-сапарынын алкагында Тоң районунда зордукталган он үч жаштагы кыздын апасы менен жолуккан. Ал бул ишти жеке көзөмөлүнө алып, керектүү колдоо көрсөтүлөрүн билдирген.

Акыйкатчы 13 жаштагы кыздын зордукталышы боюнча окуяны көзөмөлгө алды

Copyright © 2017 Maral FM