Марал Радиосу

Кочкордо жаш келин үч баласы менен көмүрдүн исине ууланып каза болду

Нарын облусунун Кочкор районундагы Теңдик айылынан 4 адам көмүрдүн исине ууланып каза болгону кабарланды. Маалыматты Нарын ОИИБинин басма сөз кызматы тастыктады.

Окуя 18-декабрда болгон. Ууланып каза болгондор апасы менен үч кызы экени айтылууда. Айрым маалыматтарга караганда, каза болуп калган аялдын дагы бир баласы ооруканада жатат.

Учурда тийиштүү экспертиза дайындалып, териштирүү иши жүрүүдө.