Марал Радиосу

Бишкек: Жаш чемпиондорго сыйлык тапшырылды

Бүгүн, 20-декабрда Бишкектин «Чемпион» футболдук борборунда өспүрүмдөр арасындагы футбол боюнча ачык чемпионаттын жеңүүчүлөрүн жана байге ээлерин сыйлоо аземи болуп өттү.

Мэрия кабарлагандай, сыйлыктар 10 жаштан 16 жашка чейинки 60 спортчуга ыйгарылды.

Сыйлык тапшыруу аземине Бишкек шаарындагы футбол федерациясынын аймактык кеңсесинин директору Мелис Кошалиев, «Дордой», «Абдыш-Ата», «Илбирс» футболдук клубдарынын өкүлдөрү жана башкалар катышты.