Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов бүгүн, 20-декабрда Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Ноокен районунун тургундары менен жолугушуу өткөрүүдө.
Мамытов ноокендиктерге мамлекеттик саясаттын актуалдуу багыттары, өлкөнүн жана аталган райондун социалдык-экономикалык маселелерин чечүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар жана башка иштер жөнүндө айтып берди.
Жолугушуу суроо-жооп түрүндө уланууда.