Марал Радиосу

Бүгүнкү референдумга каршы акцияга 50дөн ашык киши чыкты

Бүгүн, 20-декабрда Конституцияны өзгөртүү боюнча референдумга каршы тараптар кайрадан нааразычылык акциясына чыгышты. Митингдин жүрүшүн «Азаттык» медиасы түз алып берди.

«Референдумга жол жок!», «Мыйзамдуу өлкө», «Хансыз өлкө» деген ураан барактарды көтөргөн 50дөй адам адат болуп калган багыт боюнча Темир жол бекетинен баштап Эркиндик бульвары аркылуу «Ала-Тоо» аянтына келишти.

Эскерте кетсек, 2021-жылдын 10-январында мөөнөтүнөн мурдагы президенттик шайлоо менен кошо референдум өткөрүү тууралуу мыйзам Жогорку Кеңеште 9-декабрда биринчи окуудан өтүп, 10-декабрда дароо экинчи жана үчүнчү окууда колдоо тапкан. Референдумду өткөрүүгө кошумча 40 миллион сом бөлүнөрү маалымдалган.

Exit mobile version