Марал Радиосу

Бишкектеги үйлөрдүн биринин отканасы жарылып, 1 адам каза болду

19-декабрга караган түнү Бишкек шаарындагы үйлөрдүн биринин отканасы жарылып, анын кесепетинен 7 адам жабыркады. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жабыркаган үй-бүлөнүн 4 баласы шаардык клиникалык балдар ооруканасына, үч бейтап: аялы-күйөөсү кичинекей баласы менен Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жаткырылган. Тилекке каршы, балдардын апасы аталган борбордун жандандыруу бөлүмүнөн эсине келбей көз жумду.