Марал Радиосу

Түркия: Ооруканадагы жарылуудан 8 адам каза тапты

Түркиянын түштүгүндөгү Газиантеп шаарындагы ооруканада кычкылтек аппараты жарылып, анын натыйжасында сегиз адам набыт болду. Бул тууралуу “Anadolu” басылмасы жазып чыкты.

Газиантеп шаарындагы университет ооруканасында, коронавирус менен ооругандарды жандандыруу бөлүмүндө жарылуу болгон.

Азырынча жабыркагандар тууралуу маалыматтар айтыла элек.