Биз менен байланышыңыз

Талант Мамытов: Кыргызстан Орусиянын коронавируска каршы вакцинасына кызыкдар

Кыска кабар | 19 Дек 2020 | 463 | 0
Кыргызстан Орусиянын коронавируска каршы вакцинасына кызыкдар. Бул тууралуу президенттин милдетин аткаруучу, парламенттин төрагасы Талант Мамытов КМШнын лидерлеринин саммитинде билдирди.

Ал Орусия, Казакстан жана Өзбекстанга пандемия менен күрөшүүгө Кыргызстанга көрсөткөн жардамына ыраазычылык билдирди.

«Кыргызстанга эки модулдук инфекциялык оорукананы куруп бергендиги үчүн өзбек тарапка өзгөчө ыраазычылыгымды билдиргим келет»,— деген Мамытов Орусия президенти Владимир Путинди коронавируска каршы вакциянанын иштелип чыгышы менен куттуктады.

«Бүгүнкү күндө элди вируска каршы эмдөө эң маанилүү суроолордун бири. Кыргызстан тарап Орусиянын вакцинасын алууга кызыкдар», — дейт ал.

 

Copyright © 2017 Maral FM