Марал Радиосу

Маданият — Жалал-Абад жолунун 16 чакырымы курулуп бүттү

Вице-премьер-министр Равшанбек Сабиров Жалал-Абад облусуна жасаган иш сапары алкагында Бишкек-Ош унаа жолунун Маданият — Жалал-Абад тилкесинде жүрүп жаткан иштер таанышты.

Жаңыланып салынып жаткан жолдун жалпы узундугу — 67 чакырым. Өкмөттүн маалыматына караганда, жолдун оңдолушунан сырткары 8 көпүрө, 181 чакан жасалма курулуш, базарлардын жанындагы унаа токтотуучу жайлар, жөө жүргүнчүлөр өтө турган жол, калктуу пункттарда аялдамалар да салынат. Долбоор 2022-жылдын июнь айында бүткөрүлөт.

Равшанбек Сабировдун айтымында, бул долбоор толугу менен ишке ашырылса, товар ташуунун көбөйүшүн шарттайт.

Транспорт жана жол министрлигинин маалыматы боюнча, Маданият — Жалал-Абад жолунун 16 чакырымы курулуп бүттү. Жалпысынан каттамды куруу ишине 150 киши тартылган, анын 90 %ын жергиликтүү эл түзөт.