Марал Радиосу

Кыргызстанда коронавирустан дагы төрт бейтап көз жумду

Бүгүн, 17-декабрга карата Кыргызстанда коронавирустан дагы төрт бейтап көз жумду. Ал Бишкек шаары, Баткен, Ош, Ысык-Көл облустарында катталды.

Өлкөдө пандемия башталгандан бери 1321 адам коронавирустан көз жумду.

Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинин 264 жаңы учуру катталды. Март айынан бери коронавирус жугузуп алгандардын жалпы саны 78 миң 415ке жетти.

Оорудан 386 бейтап айыгып, жалпы сакайгандар 71 миң 656га жетти.

Бир сутка ичинде 8 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алган, 9 кызматкер айыкты. Коронавирус менен катталган медиктердин жалпы саны 4057ге жетип, 3805и сакайды.