Марал Радиосу

Кирешеңизге жараша насыя алсаңыз, төлөөдө кыйынчылык жаралбайт

Биз бүгүн канча суммадагы насыя алуу жана аны убагында төлөөнүн жолдору тууралуу кеп кылабыз. Бул жөнүндө кененирээк ИНКОМ микрофинансы компаниясынын насыя башкармалыгынын башчысы Гүлкайыр Мусаева айтып берет.

Өз убагында төгүп туруу үчүн канча суммадагы кредит зарыл экенин кантип билсе болот?

— Каржы мекемеси карыз алуучунун төлөө мүмкүнчүлүгүн жана берилген күрөөнү баалашат, ошол эле учурда насыянын суммасы сиз тандаган насыянын шарттарына ылайык каржы мекемеси тарабынан белгиленген эң жогорку чектен ашып кетпейт.

Банктар же каржылык мекемелер кирешенин төмөнкү түрлөрүн эске алат:

— Насыя берүүдө кардардын социалдык абалы, кайра кайтара алуу мүмкүнчүлүгү да каралабы?

— Кардар насыя алуу үчүн кайрылганда, биз төмөнкүлөрдү карайбыз:

Карыз алуучунун жашы;

Үй-бүлөлүк абалы;

Мүлктүн болушу;

Иш стажы;

Иш чөйрөсү;

Орточо айлык киреше;

Милдеттүү ай сайынкы төлөмдөр;

Туруктуу каттоо.

Эгер кардар жогоруда аталган талаптарга туура келсе гана насыя бере алабыз.

— Эгер кардар насыяны өз мүмкүнчүлүгүнөн ашыкча алып алгандан улам же максатсыз сарптап алганга байланыштуу сиздердин акчаны убагында кайтара албай калса, кандай чара көрөсүздөр?

— Карыз алуучуга берилген сумманын өз убагында кайтарылбай тургандыгын так көрсөткөн жагдайлар болсо, насыя берүүчү насыя келишиминде каралган насыяны толугу менен же жарым-жартылай берүүдөн баш тартууга укуктуу.

Насыя алуучу насыя келишиминде каралган насыяны максаттуу пайдалануу боюнча милдеттенмени (814-берене) бузган учурда, насыя берүүчү келишим боюнча карыз алуучуга андан ары насыя берүүдөн баш тартууга укуктуу.

— Акчаны туура бөлүштүрүп, үнөмдүү пайдалануу, максатсыз сарпталып кетпеши боюнча кеңешти сиздерден алып турса болобу?

— Ооба, албетте. Каражаттарын туура бөлүштүрүү боюнча кеңеш алгысы келген кардарлар биз менен байланышса болот, бул боюнча биздин адистер ар бирине көңүл буруп, жардам беришет.

— Кредиттин суммасы канча сомдон жогору болгон учурда күрөө талап кылынат?

— 200 миң сомдон жогору насыя алган кардардан кыймылсыз жана кыймылдуу мүлк түрүндөгү күрөө талап кылынат.