Марал Радиосу

Султангазиева Бишкек мэриясын сындады

«Жашыл энергия» коомдук фондунун жетекчиси Анара Султангазиева «Марал» радиосуна берген маегинде абанын булгануусун жоюу боюнча пландар айтылганы менен тыянак жок экенин белгилеп, баары кагаз бетинде гана каларына тынчсызданды.

«Пландарды ишке ашыруу үчүн каражат толук бөлүнүп, материалдык жана техникалык ресуртар менен камсыздалып, ишти алып барган адистер жоопкерчилик алышы керек. Бизде булардын бири да жок. Бишкек мэриясы Евробиримдиктен грант, Европалык реконструкция жана өнүгүү банкынан насыя алат. Ага 2017-жылы эле таштандылар үчүн заманбап полигон салынышы керек эле, ал азыркыга чейин курула элек. Таштандыларды бөлүп таштоого чакырса, шаар тургундары көнөт эле. Анткени алар буга муктаж. Чогуу иш алып барсак болмок, бирок алар аткарылбайт», — дейт Султангазиева.

Анын айтымында, Бишкекте парк, скверлер ачылып жатканы менен негизинен ийне жалбырактуу дарактар отургузулууда. Тилекке каршы, бактын ал түрү кычкылтек бөлүп чыгарбайт, тескерисинче көмүртек бөлүп чыгарат.

Абаны 20 жылдык жазы жалбырактуу бактар гана жакшы тазалайт. Бир дарак күнүнө 3 адамга жете турган кычкылтек бөлүп чыгарат да, уулуу заттарды өзүнө тартып алат.

«Муну мэрия, «Бишкек жашыл чарба» жана башка агенттиктер эске алып жатабы? Эки жыл мурда эле мэрия газ менен жүрө турган 100 автобус алып келип, маршруткаларды азайтарын айткан. Кана? Дагы 400 автобуска тапшырык берилгени кабарланган, анын жыты да жок», — дейт Султанганзиева.