Марал Радиосу

Оштун «EREM» футзал клубу жоюлду

Оштун «EREM» футзал клубу жоюлду. Бул тууралуу Кыргызстандын футзал ассоциациясы Инстаграмдагы баракчасына жарыялады.

Маалыматта пандемия шарты футзал тармагына да таасирин тийгизгени, клубдун оюнчулары Жогорку Лигада ойноп жаткан башка командаларга өткөнү айтылат.

Оштун «EREM» клубу жана «Спартак Бишкек» 2020-2021-жылдагы сезондо ойнобой турганы маалым болду.

«EREM» футзал клубу 2016-жылдын февраль айында негизделген.