Марал Радиосу

УКМК: Жасалма акча жасоо менен алектенген жаран кармалды

Жасалма чет элдик валюта саткан каналдын ишине бөгөт коюлду. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалыматына караганда, 14-декабрда Бишкекте 1969-жылы туулган «К.У.» аттуу жаран кармалды.

Анын жанынан ири суммадагы жасалма АКШ долларлары табылган.

Чет элдик жасалма валюталары жогорку сапатта болгон жана атайын таратуу максатында Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнүн биринде даярдалган.

Бул фактынын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 225-беренесинин 2-бөлүгү (акчаны же баалуу кагазды жасоо) боюнча сотко чейинки тергөөгө алынды.

Кармалган жаран УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди. Териштирүү жүрүп жатат.