Марал Радиосу

Айпери Медет кызы коло байге үчүн күрөшөт

Кыргызстандык балбан Айпери Медет кызы кыз-келиндер күрөшү боюнча Дүйнө Кубогунун жарым финалында утулуп калды.

Айпери Медет кызы 76 кг салмактын чейрек финалынан тарта күрөшүп, алгачкы атаандашы болгариялык Мария Оряшкованы 5:3 эсебинде утуп алган. Жарым финалда дүйнө чемпиону аталган германиялык Алине Фоккен менен кармашып 4:6 эсебинде жеңилип калды.

Муну менен германиялык балбан кыз финалга жолдомо алса, Айпери Медет кызы коло байге үчүн эртең күрөшөт.