Швейцариянын Ньон шаарында футбол боюнча Чемпиондор лигасынын 1/8 финалында ойной турган командалар белгилүү болду.
УЕФАнын расмий сайтындагы маалыматка ылайык, командалар төмөнкүчө бөлүштүрүлдү:
«Боруссия» (Германия) — «Манчестер Сити» (Англия);
«Атлетико» (Испания) — «Челси» (Англия);
«Реал» (Испания) — «Аталанта» (Италия);
«Боруссия» (Германия) — «Севилья» (Испания);
«Порту» (Португалия) — «Ювентус» (Италия);
«Ливерпуль» (Англия) — «Лейпциг» (Германия)
«Лацио» (Италия) — «Бавария» (Германия);
«Барселона» (Испания) — «Пари Сен-Жермен» (Франция).
Чемпиондор лигасынын 1/8 финалынын алгачкы оюндары 16-17-23 жана 24-февраль күндөрү өтөт.
Чемпиондор лигасынын 2019-2020-жылдагы сезонун германиялык «Бавария» командасы жеңип алган.