Марал Радиосу

Калы Сулайманов Дүйнө Кубогунда коло медалдын ээси болду

Кыргызстандык балбан Калы Сулайманов Белград шаарында өтүп жаткан Дүйнө Кубогунда коло медаль утту. Ал 63 кг салмакта килемге чыккан.

Калы Сулайманов 3-орун үчүн болгон күрөштө азербайжандык балбан Талах Мамеддов менен бет келди. Сулайманов атаандашын 7:5 эсебинде утуп алды.

Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан бул Дүйнө Кубогунда учурда Кыргызстандын куржунунда үч медаль бар. Калы Сулайманов (63 кг) коло, Жоламан Шаршенбеков (60 кг) алтын медаль, ал эми 72 кг салмакта Руслан Царев коло медалдын ээси.