Марал Радиосу

Кыргызстанда доллардын курсу арзандай баштады

Кыргызстанда 14-декабрга карата АКШ долларынын курсу төмөндөй баштады. Бүгүн саат 15:13кө карата коммерциялык банктарда 1 доллар 82 сомдон сатылып алынып, 83 сомдон сатылууда.

Айрым акча алмаштыруучу жайларда 81 сомдон болууда.

Улуттук банктын расмий курсу 84 сом 79 тыйын деп белгиленген.

Быйыл өлкөдө доллардын куну жогорулап, 85 сомго чейин жеткен. Улуттук банк интервенция өткөрүп, жыл башынан бери валюта базарына 467,15 млн доллар сатты.