Марал Радиосу

Айсулуу Тыныбекова Дүйнө кубогунда бүгүн күрөшөт

Бүгүн кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан Дүйнө кубогунда мелдешет.

62 килограмм салмакта Тыныбекова биринчи айлампада 24 жаштагы румыниялык Крисца Тунде менен күрөшөт.

Мындан сырткары кыргызстандык балбан кыздар Нураида Анаркулова, Мээрим Жуманазарова жана Айпери Медет кызы эртең, 15-декабрда мелдешке чыгышат.

Белгилей кетсек, Айсулуу Тыныбекова жакында эле кыз-келиндер күрөшүнүн тарыхындагы эң мыкты балбанды аныктоо боюнча UWW уюму уюштурган онлайн жарышта жеңүүчү болгон.