Марал Радиосу

Токтогул суу сактагычында 13,1 млрд куб метр суу бар

Бүгүн, 14-декабрда Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 13 млрд 152 млн куб метрди түзөт. Бул тууралуу «Электр станциялары» ишканасынын басма сөз кызматы кабарлады.

Суунун агып келиши секундасына 167 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 787 куб метрге жетүүдө.

Быйыл октябрь айында суу сактагычта 15 млрд 194 млн куб метр суу бар болчу.