Марал Радиосу

Тони Фергюсон кайрадан утулуп калды

Бүгүн, 13-декабрда АКШнын Лас-Вегас шаарында өткөн «UFC-256» турниринде бразилиялык Чарльз Оливейра америкалык  Тони Фергюсонду утуп алды.

Мушкерлердин кармашы промоушендин экинчи башкы беттеши болду.

​Мушкерлер  үч бөлүк кармашып, жыйынтыгында калыстардын чечими менен жеңиш Оливейрага ыйгарылды.

UFCнин жеңил салмактын чемпиону болгон Фергюсон экинчи ирет удаасы менен утулду. 36 жаштагы америкалык мушкер ММА спортунда 26 беттешти утуп, беш жолу жеңилген.