Марал Радиосу

Вашингтондогу митингде 23 жаран кармалды

Con el edificio del Capitolio de Estados Unidos al fondo, miles de simpatizantes del presidente Donald Trump caminan por la avenida Pensilvania durante un mitin en la Freedom Plaza, el sábado 12 de diciembre de 2020, en Washington, D.C. (AP Foto/Luis M. Alvarez)

Вашингтондогу нааразычылык акциясында күч органдары 23 жаранды кармады. Бул тууралуу америкалык NBC каналы маалымдады. Анда алардын алтоосу полиция кызматкерине, 10у башка адамдарга кол салганы айтылат. Митинг учурунда бир канча жаран жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери да жарадар болгон.

АКШнын борбору Вашингтондо Дональд Трамптын жактоочулары жана каршылаштары өз-өзүнчө уюштурган 2 митинг болуп өттү.

Анда Трамптын тарапташтары болгон республикачылдар Жогорку соттун имаратынын алдында нааразычылык көрсөтүшкөн. Анткени алар президенттик шайлоо процессинде көз боёмочулук болду деп эсептешет. 11-декабрда Жогорку сот Техас штатынын башкы прокурору Кен Пакстондун шайлоо жыйынтыгын кайра кароо боюнча чечимин жокко чыгарды. Бул Трамптын колдоочуларын кыжырдантып, нааразычылык акциясын өткөрүүгө алып келди.

Белгилей кетсек, 3-ноябрда АКШда президенттик шайлоо болуп, анда Жо Байден жалпы элдин 51,3 пайызынын, ал эми тандалган шайлоочулардын 307синин добушун алып утуп чыккан. Дональд Трамп бул көрүнүштө шайлоо жыйынтыгын бурмалоолор жана мыйзам бузуулар бар экенин айтып чыккан. Бул үчүн добуштарды кайра санап чыгуу талабы менен укук коргоо органдарына кайрылган болчу.